Орусия гидрометеорологиялык спутник учурду
Учуруу учуру Орусиянын Федералдык космостук агенттигинин (Роскосмос) расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.
1942120

Орусия Казакстандын Байконур космос станциясынан «Протон-М» оор жүк ташуучу ракетасы менен «Электро-Л» гидрометеорологиялык спутнигин космоско жөнөттү.
Учуруу учуру Орусиянын Федералдык космостук агенттигинин (Роскосмос) расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.
Жерден болжол менен 35 миң километр бийиктикте орбитага жайгаштырылышы күтүлгөн спутник ар бир 15-30 мүнөт сайын аба ырайын алдын ала айтууга жардам берип, маалымат берип турат.
Бул учуруу менен Орусия 2023-жылы биринчи космостук учурууну ишке ашырды.
Тектеш кабарлар

Владимир Путин тышкы саясат концепциясын бекитти
Путин: «Бүгүн Россиянын жаңыланган тышкы саясат концепциясын бекиткен жарлыкка кол койдум».