Нигерияда коопсуздук күчтөрүнө буктурма коюлуп: 41 киши набыт болду

Кацина провинциясынын полициясынын басма сөз катчысы Гамбо Исах 2-февралда Бакори аймагындагы жергиликтүү коопсуздук күчтөрү террористтерге каршы операция жүргүзүү үчүн Яргоже токоюна барганын билдирди.

1942091
Нигерияда коопсуздук күчтөрүнө буктурма коюлуп: 41 киши набыт болду

Нигериянын Кацина провинциясында жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнүн террористтердин буктурмасына кабылышынын натыйжасында кеминде 41 киши каза болду.

Кацина провинциясынын полициясынын басма сөз катчысы Гамбо Исах 2-февралда Бакори аймагындагы жергиликтүү коопсуздук күчтөрү террористтерге каршы операция жүргүзүү үчүн Яргоже токоюна барганын билдирди.

Исах: «Тилекке каршы террористтер жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн буктурмага түшүрдү. Кол салууда кеминде 41 киши каза болуп, 2 киши жарадар болду»,-деди.

Жабыркагандардын ооруканага жеткирилгенин белгилеген Исах аймакка коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгенин жана окуя боюнча иликтөө башталганын айтты.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарда кол салууда 84 кишинин каза болгондугу айтылды.

Белгилей кетсек, 25-февралда өтө турган президенттик шайлоо алдында өлкөдө куралдуу кол салуулар күчөгөнү көңүл бурууда.



Тектеш кабарлар