Зеленский Украинанын тынчтык формуласын Европа Биримдигинин колдогондугун билдирди

Зеленский жарыялаган күнүмдүк видео билдирүүсүндө  борбор шаар Киевде кечээ өткөрүлгөн Украина  -  Европа Биримдиги саммитине баа берди.

1941885
Зеленский Украинанын тынчтык формуласын Европа Биримдигинин колдогондугун билдирди

 Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа Бмиримдигинин Украина даярдаган тынчтык формуласын расмий түрдө колдогондугун айтты.

Зеленский жарыялаган күнүмдүк видео билдирүүсүндө  борбор шаар Киевде кечээ өткөрүлгөн Украина  -  Европа Биримдиги саммитине баа берди.

Өлкөсүнүн Европа Биримдиги менен интеграция процессинин уланып жаткандыгын белгилеген Зеленский саммитте бул маселенин талкууланганын айтты.

Зеленский : «Өнөктөштөрүбүз менен Украинанын Европа Биримдигине кандай жол менен дагы да жакындай тургандыгы тууралуу келишимдерибиз бар»,- деди.

Орус армиясынын кол салууларына карабастан Европа Биримдигине мүчөлүк процессин улантуу үчүн активдүү иштердин жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеген Зеленский : «Украинанын эркиндигин, баалуулуктарын коргоп жатабыз. Мамлекетибиздин Европа максатына жетебиз»,- деди.

Зеленский согуштун акырына чыгышы үчүн Украинанын өткөн жылы даярдаган 10 беренелик тынчтык формуласын Европа Биримдигинин да колдогондугун баса белгилеп : «Европа Биримдиги бүгүн Украинанын тынчтык формуласын расмий түрдө колдоду. Бул саммиттин акыркы билдирүүсүндө катталды»,- деди.

Европа Биримдигинин башкаруусу да Украинанын мүчөлүк жолунда колдой тургандыгын бирок мунун татыктуулукка негизделген жана аягы ачык процесс экенин баса белгиледи.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен Украинанын мүчөлүк жолунда басып өткөн жолдун күзүндө жарыялана турган кеңейүү отчетунда чагылдырыла турганын айтса, Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель: «Европа Биримдиги жолуңуздардын ар бир кадамында сиздерди колдойбуз",- деди.



Тектеш кабарлар