Россия - Украина туткун алмашуусу

Россиянын Коргоо министрлиги туткундарды алмаштыруу менен Украинадагы 63 орус аскеринин бошотулгандыгын билдирди.

1941947
Россия  -  Украина туткун алмашуусу
ukraynali askerler.jpg
rus askeri.jpg

Россиянын Коргоо министрлиги туткундарды алмаштыруу менен Украинадагы 63 орус аскеринин бошотулгандыгын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, кыйын сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында туткунга алынган орус куралдуу күчтөрүнүн 63 аскеринин Киев башкаруучулугунун көзөмөлүндөгү жерлерден кайтып келгени белгиленди.

Билдирүүдө бул  аскерлердин баарынын учурда  буга Россияда экени, аскерлерге психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп, жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылды.

Билдирүүдө : «Бошотулган орус аскердик тобу «сезимтал» категориядагы адамдардан турат. Бул алмашуу Бириккен Араб Эмирликтери башкаруучулугунун ортомчулугу менен мүмкүн болду»,-деп айтылды.

Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак орус тарап менен туткун алмашуунун натыйжасында 116 украин аскеринин бошотулганын билдирди.

Ермак Телеграм эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө туткундарды алмашуунун натыйжасында 2  офтцер, 114 аскер жана сержант болгон 116 аскердин бошотулгандыгын эске салып : «Бул тууралуу ишибизди улантуудабыз. Баарын кайтарып алабыз»,- деди.

Ермак ошондой эле эки чет элдик ыктыярчы Кристофер Мэттью Перри менен Эндрю Тобиас Мэттью жана бир ыктыярчы жоокердин сөөктөрүнүн туткун алмашууда Украина тарапка кайтарылганын да билдирди.



Тектеш кабарлар