Йеменде мина жарылып 1 бала каза болуп, 1 киши жараланды
Укук коргоочу уюмдар Йеменде көпчүлүгү аялдар менен балдар болгон 8 000ден ашуун мина курмандыгынын бар экендигин билдиришти.

Йемендин түрдүү шаарларында акыркы эки күндө мина жана согуштан калган ок - дарылардын жарылышы менен 1 бала каза болуп, 13 киши жаракат алды.
Йемен мина байкоо обсерваториясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Худейденин Ел - Хали районуна караштуу Эс - Селам мааласында бир минанын жарылышы менен 1 баланын каза богондугу бирөөсүнүн жаракат алгандыгы айтылды.
Саада Жевф, Хажже жана Лахиж шаарларында мина жана ок - дарылардын жарылышынын натыйжасында 12 киши алардын ичинен төртөөсү бала жана 2 аялдын жаралангандыгы белгиленди.
Бул маалыматтардын акыркы 2 күндө катталгандыгы билдирилир, жардыруулардан эч ким жооптуу деп эсептелген жок.
Бул боюнча Йемен өкмөтүнөн эч кандай маалымат берилген жок. Йемен өкмөтү жана укук коргоо уюмдарынын билдирүүлөрүнө караганда, Иран колдогон хуситтер 2014 - жылы жарандык согуш башталгандан бери өлкө боюнча 2 миллионго жакын мина жайгаштырган. Бул миналар миңдеген жарандын өлүмүнө же жараланышына себеп болду.
Укук коргоочу уюмдар Йеменде көпчүлүгү аялдар менен балдар болгон 8 000ден ашуун мина курмандыгынын бар экендигин билдиришти.