Германияда Гессен штатынын депутаты Исмаил Tипи дүйнөдөн кайтты

Висбадендеги Гессен штатынын парламенти тарабынан берилген билдирүүдө 64 жаштагы Исмаил Типинин катуу оорудан улам каза болгону маалымдалды.

1941956
Германияда   Гессен штатынын  депутаты Исмаил Tипи дүйнөдөн кайтты

Германиянын Гессен штатынын Христиан-демократиялык биримдигинин (ХДС) депутаты Исмаил Tипи дүйнөдөн кайтты.

Висбадендеги Гессен штатынын парламенти тарабынан берилген билдирүүдө 64 жаштагы Исмаил Типинин катуу оорудан улам каза болгону маалымдалды.

Типи ошондой эле ХДС Гессендин Аткаруу кеңешинин мүчөсү, 2006 - жылдан бери Оффенбах аймагындагы Хойзенштамм шаардык кеңешинин мүчөсү жана Оффенбах округунун райондук кеңешинин депутаты.

Гессен штатынын парламенттик премьер-министри Астрид Уолманн түрк тектүү депутат Исмаил Типинин 12 жашында Германияга келгенин, ар кандай экстремизм менен күрөшүп келгенин жана 2010 - жылы парламентке келгенден кийин көптөгөн мигранттарга саясатта орун алышы үчүн жакшы үлгү болгонун айтты.

Типинин жаназасы келерки күндөрдө боло турган расмий аземден кийин Германияда жерге берилет.

Түпкүлүгү измирдик болгон жана 3 мөөнөт штаттын депутаты болгон Tипи буга чейин Hürriyet Europe гезитинде 17 жыл кабарчы болуп иштеген.



Тектеш кабарлар