G7ге мүчө өлкөлөр жана Австралия орус мунай продуктуларынын баалары боюнча макулдашышты
G7ге мүчө өлкөлөр жана Австралия Россиянын мунай иштетүүчү заводунан дизелдин баррелине 100 доллар жана суюк күйүүчү майдын баррелине 45 доллар чегинде баанын колдонуларын жарыялады.
G7ге мүчө өлкөлөр жана Австралия Россиянын мунай иштетүүчү заводунан дизелдин баррелине 100 доллар жана суюк күйүүчү майдын баррелине 45 доллар чегинде баанын колдонуларын жарыялады.
Америка Кошмо Штаттары, Канада, Германия, Англия, Франция, Италия жана Япония жана Австралиядан турган G7 өлкөлөрү орус мунай заттарына колдонула турган чектик баага байланыштуу биргелешкен билдирүү жасашты.
Билдирүүдө, деңиз аркылуу ташылган орус тектүү мунай продуктуларынын максималдуу баалары боюнча макулдашылгандыгы жана чектик баа саясатынын Россиянын Украинадагы согуштан киреше табуусуна тоскоол болууну, энергия рынокторуна жана согуштун терс экономикалык кесепеттерин азайтуу үчүн глобалдык ырааттуулукту колдоону максат кылганы баса белгиленди.
Билдирүүдө орус дизель жана керосинге баррелине 100 доллардан ашкан чектик баа, арзаныраак суюк күйүүчү май жана ачык түстөгү мунай заттарына баррелине 45 доллардан ашкан чектик баа колдонула турганы айтылды. Айтылган чектик баалардын 5 - февралдан тарта күчүнө кире турганы, ал эми чектик баалардын март айында кайра карала тургандыны билдирилди.
G7ге мүчө өлкөлөр, Европа Биримдиги жана Австралия өткөн жылдын декабрь айында Россиядан деңиз аркылуу ташылган мунайдын баррелине 60 доллардан ашпаган чектик баа боюнча макулдашкан болчу.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газада 369 күндөн бери улантып жаткан геноциди тууралуу маалымат берилди.