АКШнын президенти Жо Байден «улуттук өзгөчө кырдаалдын»  узартылышы керектигин айтты

Байден Афганистандагы кризис жана экономикалык кыйроо ыктымалы боюнча 2022 -  жылы 11 -  февралда АКШда жарыяланган «улуттук өзгөчө кырдаалдын» мөөнөтүнүн узартылышы үчүн Конгресске кат жиберди.

1941891
АКШнын президенти Жо Байден   «улуттук өзгөчө кырдаалдын»  узартылышы керектигин айтты

АКШнын президенти Жо Байден Афганистандагы гуманитардык жана финансылык кризистин АКШнын улуттук коопсуздугу жана тышкы саясатына «өзгөчө коркунуч» туудурууну улантып жаткандыгын белгилеп, ушунун негизинде жарыяланган «улуттук өзгөчө кырдаалдын»  узартылышы керектигин айтты.

Байден Афганистандагы кризис жана экономикалык кыйроо ыктымалы боюнча 2022 -  жылы 11 -  февралда АКШда жарыяланган «улуттук өзгөчө кырдаалдын» мөөнөтүнүн узартылышы үчүн Конгресске кат жиберди.

Байден Афганистанда азык  - түлүк коопсуздугу, суу, гигиена, баш калкалоо, Ковид  - 19 сыяктуу бир топ тармактагы негизги гуманитардык муктаждыктардын күчөп бара жаткандыгын жана өлкөнүн экономикасынын барган сайын начарлоо менен кыйроо потенциалынын АКШнын улуттук коопсуздук жана тышкы саясат үчүн «өзгөчө» бир коркунуч жаратууну уланткандыгын белгиледи.

Ушунун негизинде АКШдагы «Да Афганистан Банкына» таандык айрым мүлктөрдүн АКШнын каржы мекемелери тарабынан коргоого алынышынын  зарыл экенин, мунун Афганистан элинин жыргалчылыгы үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Байден террордон жабыркагандардын  өкүлдөрү жана башка түрдүү тараптардын «Да Афганистан Банкынын» мүлкүнө каршы мыйзамдуу дооматтарды койгонун белгилеп, бул мүлккө жетүүнүн 14064  номердеги буйруктун негизинде   жабылганын кошумчалады.

Президент Байден ушул себептен 2023 -  жыл 11 -  февралда бул багытта башка чечим чыгарылбаса автоматтык түрдө токтотула турган "улуттук өзгөчө кырдаалды" улантуу үчүн бул билдирүүнү жасаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар