Пакистандагы мечитке жасалган кол салуу
Кол салууда 102 киши каза болду.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитке карата 30-январда болгон жан кечтилик кол салууда каза болгондордун саны 102ге жетти.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда ооруканага жеткирилген жаралуу 2 кишинин дагы каза болушу менен каза болгондордун саны 102ге жетти.
Хайбер - Пахтунхва полициясынын башчысы Муаззам Жах Ансари кол салуудан кийин башталган иликтөөнүн алкагында жасаган билдирүүсүндө, кол салуучунун мечитке полиция формасын кийип киргенин жана ушундайча көптөгөн коопсуздук пункттарынан өткөндүгүн айтты.
Ансари кол салуучунун аймакка мотоцикл менен келгенин белгилеп, жанкечтинин беткап жана каска кийир өздүгүн жашырганын айтты.
Кол салуунун алдын ала иликтөө жана техникалык далилдер менен кол салуунун Пакистан талиптеринен (ТТП) бөлүнүп чыккан Жамаат-ул Ахрар тарабынан жасалган болушу мүмкүн экенин белгилеген Ансари, Жамаат-ул Ахрар, ТТП жана бир душман чалгындоо уюмунун бул кол салуунун артында болгону ачык экендигин айтты.
Ансари чалгындоо агенттигинин аты же кайсы өлкө менен байланышы бар экендиги тууралуу эч кандай маалымат берген жок.
Тектеш кабарлар

Германияда эскертүү иш таштоосунан улам каттамдар кечигип жана үзгүлтүккө учурап жатат
Гамбург аэропортунда кечээ кечинде башталган эскертүү иш таштоосунун 24 саатка созулушу күтүлүүдө.