НАТОдон Орусияга чакырык
НАТОнун билдирүүсүндө, АКШ менен Орусиянын ортосундагы континенттер аралык ядролук баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү максат кылган STARTтын эл аралык ырааттуулукка салым кошкону белгиленди.

НАТО Орусияны АКШ менен түзүлгөн континенттер аралык өзөктүк баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү көздөгөн Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди (START) аткарууга жана аймагында текшерүү жүргүзүүгө уруксат берүүгө чакырды.
НАТОнун билдирүүсүндө, АКШ менен Орусиянын ортосундагы континенттер аралык ядролук баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү максат кылган STARTтын эл аралык ырааттуулукка салым кошкону белгиленди.
Орусиянын өз милдеттенмелерин аткарбаганы айтылган билдирүүдө: «Орусияны өз аймагындагы текшерүүлөрдү жеңилдетүү жана келишимдин аткаруучусу болгон эки тараптуу консультациялык комиссияга кайрылуу аркылуу келишим боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырабыз»,-деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө АКШнын келишимди аткарганы жана жаңы START келишиминин бардык мамлекеттердин улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына туура келгени маалымдалды.
АКШ Советтер Союзу менен 1991-жылы, Орусия Федерациясы менен 1993-жылы кол койгон Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимдеринин (START 1 жана START 2) уландысы болгон Жаңы START Келишими Вашингтон менен Москванын ортосунда күчүндө турган акыркы өзөктүк келишим болуп саналат.
2010-жылы кол коюлган Жаңы START Келишимине ылайык, Орусия менен АКШ жайгаштырган стратегиялык өзөктүк дүрмөттөрдүн санын эң көп дегенде 1550гө чейин чектейт.
Келишим ошондой эле аткычтардын жана өзөктүк куралга жөндөмдүү оор бомбардировщиктердин санын 800гө чейин чектөөдө.
2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген 10 жылдык келишим 2021-жылдын 5-февралында аяктаган.
Орусиянын президенти Владимир Путин келишимди 5 жылга узартуу чечимине 2021-жылдын 29-январында кол койгон.
АКШнын президенти Жо Байден да келишимди узартуу чечимин 2021-жылдын 5-февралында жарыялаган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти ушул аптада Орусиянын эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык өз аймагында текшерүү иштерин жүргүзүүгө уруксат бербей жатканын билдирген.