Кристерссон Швециянын үчтүк меморандумдун алкагында өз милдетин аткара турганын белгиледи

Санна Марин менен Ульф Кристерссон Швециянын борбор шаары Стокгольмдо биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

1941373
Кристерссон Швециянын үчтүк меморандумдун алкагында өз милдетин аткара турганын белгиледи

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин менен Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өлкөлөрүнүн НАТОго мүчөлүгүнүн бирге ратификациялана турганына ишене тургандыктарын билдиришти.

Санна Марин менен Ульф Кристерссон Швециянын борбор шаары Стокгольмдо биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Марин менен Кристерссон өлкөлөрүнүн коопсуздугунун бири-биринен көз каранды экенин белгилеп, НАТОго мүчөлүккө кайрылуу процессин чогуу баштагандай эле чогуу  бүтүрүүнү каалагандарын айтышты.

Финляндиянын премьер-министри Марин Швеция менен НАТОго мүчө болуу үчүн кайрылгандарын жана процессти бирге бүтүрүүнү каалагандарын билдирип :"Биз бирге иштеп жатабыз. Бул темада күн сайын тыгыз байланыштабыз. Албетте Түркиянын да, Венгриянын да биздин арызыбызды тез арада бекитүүсүн каалайбыз",- деди.

Марин Россия - Украина согушунан улам Европадагы коопсуздук тартиби туруктуу түрдө өзгөргөнүн жана ушул себептен НАТОго кирүүнү каалашкандарына көңүлдөрдү бурду.

Диний темаларга сый көрсөтүүнүн Финляндия мыйзамдарында орун алганын белгилеген Марин Швециянын мүчөлүгү узакка созула турган болсо эмне боло тургандыгына байланыштуу суроого : "Абалдын класстагы тентек бала катары көрсөтүлүп жатканы кызык. Швеция да НАТОго мүчө болуу талаптарын аткарат. Мага Швецияны "кыйынчылык жаратуучу" катары көрсөткөн атмосфера жакпайт",- жооп берди.

Түркия, Финляндия жана Швеция кол койгон үч тараптуу меморандумду эске салган Кристерссон : «Бүгүн эртең мененки кабинет жыйынында өкмөттүн терроризмге каршы мыйзам долбоорун расмийлештирдик. Мыйзам долбоору март айында парламентке жөнөтүлөт жана  террор менен күрөшүү мыйзамдары жаңысы келет. 1-июндан тарта күчүнө кирет. Бул Швециянын терроризмге каршы күрөшүү боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмесинин негизи болуп саналат»,- деди.  

Кристерссон Түркия менен акыркы мезгилдеги чыңалууга жана Швециядагы провокацияларга токтолуп : "Биз бул аракеттерден улам келип чыккан көңүл калууларды түшүнөбүз жана бөлүшөбүз. Менин бардык шведдерге кайрылуум абдан жөнөкөй: кырдаалды тынчтандырып, НАТОнун толук кандуу мүчөсү катары Швециянын улуттук коопсуздукту бекемдеп, маанилүү нерсеге көңүл буралы" ,- деди.

Кристерссон Швеция үчтүк меморандумдун алкагында өз милдетин аткара турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар