Япония "чоң эне жана чоң аталардын өлкөсү" болушу мүмкүн
Төрөттүн төмөндөшү жана улгайган калктын көбөйүшү менен Япония келечекте “чоң ата, чоң энелердин өлкөсү” болушу мүмкүн.

Төрөттүн төмөндөшү жана улгайган калктын көбөйүшү менен Япония келечекте “чоң ата, чоң энелердин өлкөсү” болушу мүмкүн.
Чыгыш Азия өлкөсү Японияда 2022 - жылы төрөлгөндөрдүн жылдык саны биринчи жолу 800 миңден төмөн болду.
2023 - жылдын башынан тарта калкынын саны 124,77 миллион болгон Япониянын калкынын 29 пайызы 65 жаштан жогоркулар жана 11,6 пайызы 0-14 жаштагылар.
Япония 65 жана андан жогорку жаштагылардын жалпы калктын катнашы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.
Андан кийин 24,1 пайыз менен Италия жана 23,3 пайыз менен Финляндия турат.
Япониянын премьер - министри Кишида Фумио Японияда төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү менен «социалдык функцияларын жоготуу алдына» келгендигин, бул жылы балдарды тарбиялоо саясатына көңүл бура тургандарын жарыялады.
Өлкөдө өкмөткө караштуу Балдар жана үй-бүлө агенттиги апрель айынан тарта иштей баштайт.
Кишида июнь айына чейин комплекстүү саясаттын бюджетин эки эсеге көбөйтүүнү пландай тургандарын билдирди.
Тектеш кабарлар

Германияда эскертүү иш таштоосунан улам каттамдар кечигип жана үзгүлтүккө учурап жатат
Гамбург аэропортунда кечээ кечинде башталган эскертүү иш таштоосунун 24 саатка созулушу күтүлүүдө.