Чилиде токой өрттөнүп жатат

Нубл жана Биобио аймактарында кызыл белгидеги кооптуу абал жарыяланды.

1941682
Чилиде токой өрттөнүп жатат

Чилинин көптөгөн аймактарында чыккан токой өрттөрүнөн 750 гектардан ашуун жер күлгө айланды.

Нубл жана Биобио баш болгон борбор шаар Сантьяго, Нуноа, МетроСур, Ла-Гранья, ТилТил, Мелипилла, Эль Монте, Талаганте, Колина, Буин, Квиликура жана Эль Киско сыяктуу аймактардагы токой өрттөрү күчөп улантууда.

Улуттук токой чарба агенттигинин билдирүүсүндө, Чиллан шаарына жакын жердеги өрттөн 550 гектар, Нублде 200 гектардык токой аянтынын күйүп кеткени белгиленди.

Ички иштер министри Каролина Тоха, Нубл жана Биобио аймактарында кызыл белгидеги кооптуу абал жарыяланганын билдирди.

Борбор шаар Сантьяго жана Чилинин кээ бир жерлериндеги 7 жаратылыш паркы да өрт коркунучунан улам министрликтин буйругу менен убактылуу жабылды.

Нублде кээ бир айыл жерлеринде адамдарды эвакуациялоого чакырышты.



Тектеш кабарлар