BioNTech Германиядагы өндүрүштүк ишканасын кеңейтти

BioNTech компаниясынын билдирүүсүндө, бүткөрүлгөн объектке 40 миллион евролук инвестиция салынаары айтылды.

1941530
BioNTech Германиядагы өндүрүштүк ишканасын кеңейтти

Германиянын BioNTech биотехнология компаниясы, Франкфурт Марбургдагы ишканасында mRNA вакциналарынын маанилүү компоненти болгон плазмиддик ДНК өндүрүлө турган объекттин курулушунун аяктаганын жарыялады.

BioNTech компаниясынын билдирүүсүндө, бүткөрүлгөн объектке 40 миллион евролук инвестиция салынаары айтылды.

Билдирүүдө рак жана жугуштуу ооруларга каршы mRNA негизиндеги дарылар үчүн зарыл болгон плазмиддик ДНК компоненттеринин көбүнүн ушул объектте өндүрүлө турганы айтылды.

Марбургдагы ишканага барган Германиянын канцлери Олаф Шольц, BioNTech компаниясынын инвестициясын кубаттагандарын айтты.

Германиянын биотехнологиялык компанияларына мындай объекттерди тезирээк ачууга, жаңы дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга жана алардын өнүмдөрүн рынокко алып чыгууга жардам берүү үчүн дагы көп нерсе жасалышы керек экендигин баса белгилеген Шольц, изилдөө максатында маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен бирге саламаттыкты сактоо компаниялары үчүн мыйзамдык базаны жакшыртууга убада кылды.

Түрк илимпозу Угур Шахин негиздөөчү өнөктөшү болгон BioNTech компаниясы, Марбургдагы ишкананы 2020-жылы штаб-квартирасы Швейцарияда жайгашкан Novartis фармацевтикалык компаниясынан сатып алган болчу.



Тектеш кабарлар