Байден - Судани сүйлөшүүсү

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын президенти Байден менен Ирактын премьер - министри Суданинин телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү билдирилди

1941607
Байден  - Судани сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен Ирактын премьер - министри Мухаммед Шиа Эс - Судани аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелерин, Ирактын экономикалык өнүгүүсүн талкуулашты.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын президенти Байден менен Ирактын премьер - министри Суданинин телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү билдирилди.

Сүйлөшүүдө Байдендин АКШнын Ирак менен кол коюлган Стратегиялык алкактык келишимне берилгендигин ырастагандыгы билдирилген маалыматта Суданинин Ирактын эгемендик жана көз карандысыздыгын бекемдөө аракеттерин кубаттагандыгы билдириди.

Маалыматта лидерлердин Суданинин Ирактын экономикасына карата саясаттарын талкуулашкандары жана АКШнын бул саясаттарды бекитүүгө даяр экендиги маалымдалды.

Маалыматта Байдендин  Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейндин келерки аптада Вашингтонго сапарын ыраазычылык менен кабыл алгандыгы белгиленди.

"Эки лидер ДЕАШтын Ирак элине, аймактык жана эл аралык коопсуздукка эч качан коркунуч келтирбешин камсыз кылууга убада беришти",- деп билдирилген маалыматта лидерлердин алдыдагы айларда кызматташууну улантуу чечимин чыгаргандыгы билдирилди.

Ак үйдө болгон Иорданиянын королу 2 -Абдуллахтын сүйлөшүүгө да катышкандыгы, король Абдуллахтын биргелешкен стратегиялык инфраструктура долбоорлору менен бирге өлкөсүнүн Иракка колдоосуна басым жасагандыгы айтылды.



Тектеш кабарлар