Украинага ракеталык кол салуу болду

Кол салууда 3 киши каза болуп, 8 киши жаракат алды.

1940950
Украинага ракеталык кол салуу болду

Украинанын Донецк аймагында орус армиясы аткан ракетанын турак жайга келип түшүшү менен 3 киши каза болуп, 8 киши жаракат алды.

Украина Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар тарабынан жасалган билдирүүдө атылган ракетанын Донецк облусунун Краматорск шаарындагы 4 кабаттуу турак жайга келип түшүшү менен турак жайдын талкалангандыгы белгиленди.

Окуя болгон жерге жиберилген куткаруучу топтордун уранды астынан 3 кишинин сөөгүн чыгаргандыгы, 2 кишини да куткаргандыгы, 8 кишинин жаркат алгандыгы тууралуу маалымат берилди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кол салууда жарандардын каза болгондугун жана уранды астында калгандыгын белгилеп : «Мындай трагедиялардын кайталануу ыктымалын азайтуу үчүн бул жамандык менен күрөшүү керек»,- деди.

Зеленский каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, күнөөлүүлөрдү сөзсүз таап, жазаландырыларын кошумчалады.

Бир тараптан Украинанын башкы штабынын билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта Донецк аймагындагы Славянск, Краматорск жана Дружковка отурукташуу жерлерине 6 ракеталык жана 4 абадан кол салуу жасагандыгы белгиленди.

Орус күчтөрүнүн бир нече учуруучу ракета системасы менен 73 кол салууну ишке ашыргандыгына көңүл бурулган маалыматта : «Душмандын кол салууларында жарандар каза болду»,- деп билдирилди.

Билдирүүдө Украина аскерлеринин Луганск жана Донецк облустарындагы отурукташуу жерлерине жасалган орус чабуулдарынын мизин кайтаргандыгы, Луганск аймагындагы Новогоровка, Невское жана Диброва менен Донецк аймагындагы Терный жана Серебрянка аймактарынын орус күчтөрүнүн аткылоосу астында экендиги белгиленди.

Маалыматта Бахмут жана Авдиев багытындагы кээ бир отурукташуу жерлеринин орус күчтөрүнүн кол салууларынан жабыркагандыгы маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар