Нигерияда ласса ысытмасынын эпидемиясы
Январь айында өлкөдө 244 адамда аныкталган оорудан 37 адам каза болгон.
1941187
Нигерияда жаныбарлардан адамдарга жугуучу жана өлүмгө алып келе турган Ласса ысытмасынын эпидемиясына байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.
Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) директору доктор Ифедайо Перакендейфа, жуктаргандардын көбөйүшүнө байланыштуу өзгөчө абал жарыяланганын жана эпидемияга каршы изилдөөлөрдүн башталганын айтты.
Январь айында өлкөдө 244 адамда аныкталган оорудан 37 адам каза болгон.
Нигерия өкмөтү ооруну дарылоо үчүн үч дарынын белгиленгенин билдирди.
Жыл сайын кургакчылык мезгили болгон ноябрь-май мезгилинде күчөгөн Ласса ысытмасынын эпидемиясында өткөн жылы 178 адам көз жумуп, 989 учур аныкталган.