Лавров: «Евробиримдиктин демократия түшүнүгү тоталитардык түзүлүшкө айланды»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Россия-24» телеканалына жана Риа маалымат агенттигине түз эфирде берген маегинде актуалдуу маселелерге баа берди.

1941319
Лавров: «Евробиримдиктин демократия түшүнүгү тоталитардык түзүлүшкө айланды»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдиктин (ЕБ) демократия түшүнүгү тоталитардык түзүлүшкө өткөнүн айтты.

Лавров «Россия-24» телеканалына жана Риа маалымат агенттигине түз эфирде берген маегинде актуалдуу маселелерге баа берди.

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө токтолгон Лавров:«Батыш, Киев администрациясын сүйлөшүү процессинен баш тартууга мажбурлады жана сүйлөшүүгө уруксат берген жок. Ошондон бери эч ким Киевди Москва менен сүйлөшүүгө көндүрүүгө аракет кылган эмес»,-деп айтты.

Украина менен болгон кагылышуунун бүтүшүн каалашкандарын, бирок бул жерде убакыт факторунун маанилүү эмес экенине көңүл бурган Лавров, Орусиянын Украина менен сүйлөшүүдөн баш тартты деген дооматтарынын да «жалган» экенин айтты.

Батыштын Украинага курал-жарак жеткирүүсүнүн кагылышуунун күчөшүнө алып келгенин билдирген Лавров: «Батыш тынчыбай, жаман жомоктордогудай кадам сайын уламдан-улам сазга батып баратат. Ал бул операциянын жүрүшүндө маанилүү роль ойноодо. Бул тирешүү тоголонгон карга окшош»,-деп айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) өзүнүн артыкчылыгына болгон ишениминин Орусия менен Батыштын ортосундагы чыңалуунун негизги себеби экенин белгилеген Лавров, Батыштын Орусияны ондогон жылдар бою оңоло албаган жеңүүгө учуратууга аракет кылып жатканын айтты.

Лавров АКШнын Евробиримдикке тийгизген таасирине баа берип жатып:«АКШ ЕБди көз карандысыздыгынын акыркы белгилеринен ажыратып, аны талкалады. Алар «улуу демократтар», бирок алар демократия деп түшүнгөн нерсе – демократия жөнүндөгү өз түшүнүгүн ар бир адамга таңуулоо. Евробиримдиктин демократия түшүнүгү тоталитардык түзүлүшкө айланды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар