Израиль Газага ракета менен кол салды

Израилдин аскердик учактары блокададагы Газа тилкесинин кээ бир жерлерин ракета менен бутага алды.

1940872
Израиль Газага ракета менен кол салды

Израилдин аскердик учактары блокададагы Газа тилкесинин кээ бир жерлерин ракета менен бутага алды.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги (Вафа) билдиргендей, Израилдин аскердик учактары Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү бир аймакка үч ракета менен чабуул жасады. Чабуулдун бутасы болгон аймакта өрт чыгып, жакын жердеги жарандык конуштарда да материалдык чыгым болду.

Шаардын түштүк - батыш тарабындагы Шейх Аклин аймагына эки ракета менен экинчи жолу болгон абадан кол салууда буталар материалдык зыянга учурады.

Израилдин согуштук учактары да Газанын борбордук жана түндүк бөлүгүндөгү айыл чарба талааларын жана Бейт-Лахья шаарынын түндүгүндөгү бир пунктту бомбалады.

Кол салуулардын натыйжасында каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалымат берилген жок.

Кечээ кечинде Израил армиясынын басма сөз катчысы Газадан ракета учурулганын жана Израилдин абадан коргонуу системалары тарабынан зыянсыздандырылгандыгын жарыялады.

Ашыкча оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен  -  Гвир Газадан учурулган ракетага жооп кайтаруу ыкмасына баа берүү үчүн кабинеттен чукул чогулууну талап кылгандыгын белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар