Европа Биримдиги Марион Лалиссти координатор кылып дайындады

Европа Биримдиги Европада мусулмандарга каршы жек көрүү күчөгөн бир мезгилде бул позицияны бош калтыргандыгы үчүн сынга алынып жаткан.

1941100
Европа Биримдиги   Марион Лалиссти координатор кылып дайындады

 Европа Биримдиги  18 айдан бери бош турган мусулмандарга каршы жек көрүү жана дискриминацияга каршы күрөштүн координаторлугуна Марион Лалиссти дайындоо чечимин чыгарды.

Лалисс Твиттердеги билдирүүсүндө дайындалышынан улам сыймыктангандыгын белгилеп : «Биргелешкен аракетибизди жана чечкиндүүлүгүбүздү талап кылган маанилүү маселе», - деди.

Европа Биримдиги Комиссиясынан дайындоо тууралуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да Лалисстин Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, Европа мекемелери, бейөкмөт уюмдар жана академиялык чөйрө менен иштеше тургандыгы жана координатордун Европа Биримдигинде бул тармакта иштеген уюмдардын негизги байланыш түйүнү боло турганы белгиленди.

Билдирүүдө сөздөрүнө орун берилген Европа Биримдиги Комиссиясынын теңдик боюнча жооптуу мүчөсү Хелена Далли да билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык саясат да болгон турмуштун бардык тармактарында мусулмандарга каршы жек көрүү менен күрөшүү, бул боюнча болгон окуялар тууралуу маалымат чогултуу керектигин айтты.

Мындан мурда Европа Биримдигинин Йемен, Марокко, Гана, Мавритания жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө кызмат кылган француз координатор Лалиссе арапча билет.

Европа Биримдиги Европада мусулмандарга каршы жек көрүү күчөгөн бир мезгилде бул позицияны бош калтыргандыгы үчүн сынга алынып жаткан.



Тектеш кабарлар