Американын эң чоң түрмөсү Эль-Сальвадордо

Эль-Сальвадордун президенти Наиб Букеле, Теколука кыштагындагы өрөөндө 166 гектар аянттагы 40 миң кишиге ылайыкталган Американын эң чоң түрмөсүн ачты.

1941006
Американын эң чоң түрмөсү Эль-Сальвадордо

Америкадагы эң чоң түрмө Борбордук Америка өлкөсү Эль-Сальвадордо ачылды.

Эль-Сальвадордун президенти Наиб Букеле, Теколука кыштагындагы өрөөндө 166 гектар аянттагы 40 миң кишиге ылайыкталган Американын эң чоң түрмөсүн ачты.

Букеле Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, өлкөсүндө бандалар менен күрөшүү үчүн курулган жана Американын эң чоң түрмөсү экени айтылган «Террористтерди камоо борбору» тууралуу: «Биз террорчуларды камоо борборун ачтык. Бул 7 айдын ичинде салынды, ошондой эле бандаларга каршы күрөштө толук жеңишке жетишүүдө чоң пайда алып келет»,-деди.

Адилет жана коомдук коопсуздук министринин орун басары Осирис Луна да бул борбордун эң акыркы технологиялык жабдыктар менен курулганын, анын күнү-түнү 600 аскер, 250 полиция жана күзөтчүлөр тарабынан көзөмөлдөнө турганын билдирди.



Тектеш кабарлар