Жон Кирби Мьянма маселесине токтолуп, Энтони Блинкендин Кытайга бара турганын айтты

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби күнүмдүк онлайн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1940456
Жон Кирби  Мьянма маселесине токтолуп, Энтони Блинкендин Кытайга бара турганын айтты

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Мьянмадагы төңкөрүш режимине тиешеси бар экендиги аныкталган 6 киши жана 3 уюмга санкция киргизет.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби күнүмдүк онлайн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Кирби, АКШнын Каржы министрлигинин Түштүк-Чыгыш Азия мамлекети Мьянмада 2021-жылдын 1-февралында болгон төңкөрүштүн экинчи жылдыгынын алкагында төңкөрүш режимине киреше жана курал бергени аныкталган 6 киши жана 3 уюмга санкция киргизе турганын жарыялады.

Бул чечимдин Англия, Австралия жана Канада сыяктуу союздаштары менен режимге карата жалпы санкциялардын алкагында чыгарылганын белгилеген Кирби төңкөрүштөн бери 80 киши жана 30 мекемеге санкция киргизгендерин белгиледи.

Жон Кирби: «Биз Мьянмадагы аскерий режимдин мыкаачылыктарынан улам жоопкерчилик тартуусу үчүн союздаштарыбыз менен бирге иштешүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Координатор Кирби ошондой эле эртең АКШнын президенти Жо Байден Иорданиянын падышасы Абдулла II менен жолугушуп, аймактык коопсуздук жана Иран маселелерин талкуулай турганын белгиледи. Кирби Байдендин февраль айында Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва менен да жолугуша турганын айтты.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин келерки аптада Кытайга барарын белгилеген Кирби, бул жердеги жолгушууларында Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарынан кийин үзгүлтүккө учураган аскердик жана экологиялык темадагы диалогдон тышкары көптөгөн теманын күн тартибинде боло турганын айтты.



Тектеш кабарлар