Өткөн айда Польшага өткөрүлгөн орус мунайы

Январь айында Польшага 500 миң тонна орус мунайынын өткөрүлгөндүгү билдирилди.

1940504
Өткөн айда Польшага өткөрүлгөн орус мунайы

Орус мунай куурунун оператору Транснефть январь айында Польшага 500 миң тонна орус мунайын жөнөткөнүн билдирди.

Транснефтинин орус маалымат агенттиги ТАССка берген билдирүүсүндө, февраль айында Казакстандан Германияга 20 миң тонна мунай өткөрүү үчүн керектүү иштердин бүткөрүлгөнү белгиленди.

Мунай  ташуунун Дружба мунай кууру аркылуу ишке ашырыла турганы маалымдалган билдирүүдө, процесстин азыр Казакстан тараптын демилгеси менен жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө Польшанын орус мунайын алууну улантып жаткандыгы белгиленип, аянварь айында бул өлкөгө 500 миң тонна орус мунайынын өткөрүлгөндүгү айтылды.

Европа Биримдиги өлкөлөрү Украинадагы согуштан улам орус мунайын сатып алууну кыскартууга аракет кылып, орус энергетика тармагына түрдүү санкциялар салынууда.

 Дружба мунай кууру санкциялар тышында калтырылган болчу.

 

 



Тектеш кабарлар