Кремль: «НАТОнун бардык аскердик инфраструктурасы Орусияга каршы иштеп жатат»

Дмитрий Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, Орусия менен АКШнын ортосундагы континенттер аралык ядролук баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү максат кылган Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимдин маанилүү экенин айтты.

1940825
Кремль: «НАТОнун бардык аскердик инфраструктурасы Орусияга каршы иштеп жатат»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча мыйзамдык жана келишимдик негиздерин жок кылганын билдирип: «Биз НАТОнун спутниктери менен кошо бүтүндөй аскерий инфраструктурасы Украинанын кызыкчылыгы үчүн Орусияга каршы иштеп жатканын көрүп турабыз», - деди.

Дмитрий Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, Орусия менен АКШнын ортосундагы континенттер аралык ядролук баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөнү максат кылган Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимдин (START) маанилүү экенин айтты.

Орусиянын келишимдин уланышына чоң маани бергенин баса белгилеген Песков: «Чындыгында бул ишке ашырыла ала турган жалгыз келишим болуп саналат, анткени Америка Кошмо Штаттары коопсуздук жана курал-жарак контролдоо үчүн бардык мыйзамдык жана келишимдик негиздерин жок кылды»,-деп айтты.

НАТОнун бүт аскерий инфраструктурасы менен Орусияга каршы иш жүргүзүп жатканына көңүл бурган Песков:

«Биз НАТОнун спутниктери менен кошо бүтүндөй аскердик инфраструктурасы Украинанын кызыкчылыгы үчүн Орусияга каршы иштеп жатканын көрүп турабыз. Алар биз үчүн өтө душмандык чөйрөнү түзүшөт, биз аны көз жаздымда калтыра албайбыз»,-деди.

Орусиянын басма сөз катчысы ошондой эле Украинага жаңы алыскы аралыкка учуучу ракеталарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн да баалап:«Бул чыңалууну күчөтүүнүн жолу жана кошумча күч-аракетти талап кылат. Бирок бул окуялардын жүрүшүн өзгөртпөйт жана атайын аскердик операция улана берет»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар