АКШда "Эпидемия бүттү" мыйзам долбоору

2020-жылы жарыяланган "коомдук саламаттыкты сактоодогу өзгөчө абалды" дароо токтото турган мыйзам долбооруна добуш беришти.

1940455
АКШда "Эпидемия бүттү" мыйзам долбоору

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасында жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу жарыяланган “улуттук өзгөчө абалдын” дароо токтотулушун көздөгөн “Эпидемия бүттү” деген мыйзам долбоору кабыл алынды.

Республикачылдар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасынын эл өкүлдөрү COVID-19 пандемиясынан улам Дональд Трамп президент болуп турган 2020-жылы жарыяланган "коомдук саламаттыкты сактоодогу өзгөчө абалды" дароо токтото турган мыйзам долбооруна добуш беришти.

«Эпидемия бүттү» деп аталган мыйзам долбоору 210 «каршы» 220 «макул» добушу менен кабыл алынды.

Пандемиядан улам киргизилген эмдөө жана беткап талабы сыяктуу коомдук саламаттыкты сактоо боюнча бир катар эрежелерге каршы чыккан республикачылдар, АКШнын президенти Жо Байдендин өткөн жылы "Ковид-19 пандемиясы аяктады" деген билдирүүсүнө шилтеме кылып, аталган мыйзам долбоорун күн тартибине коюшту.

Ак үйдүн башкаруу жана бюджеттик кеңсеси кечээ Ковид-19дан улам "улуттук өзгөчө абал" жана "коомдук саламаттыкты сактоодогу өзгөчө абалдын" "саламаттык сактоо системаларындагы башаламандыктарды жана белгисиздиктерди болтурбоо үчүн" 11-майда алынып салынарын жарыялаган.

Бул мыйзам долбоорунун демократтар көпчүлүктү түзгөн Сенаттан өтүшү күтүлбөйт. Бирок Сенаттан да өтүп кетсе Байден мыйзам долбооруна вето кое турганын билдирген.



Тектеш кабарлар