Владимир Зеленский дан келишимин Николаев портторуна чейин кеңейтүүнүн мезгили келгендигин айтты

Зеленский Одесса шаарына барган Даниянын премьер - министри Метте Фредериксен менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында дан келишимине баа берди.

1939979
Владимир Зеленский дан келишимин Николаев портторуна чейин кеңейтүүнүн мезгили келгендигин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский дан келишимин Николаев портторуна чейин кеңейтүүнүн мезгили келгендигин айтты.  

Зеленский жолугушууларды өткөрүү үчүн Украинанын Одесса шаарына барган Даниянын премьер - министри Метте Фредериксен менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында дан келишимине баа берди.

«Дан демилгесин Николаев аймагындагы портторго чейин кеңейтип жана кемелердин кыймылын чектеген бардык токскоолдуктарды  жоюнун убагы келди»,- деген Зеленский бул тууралуу Даниянын колдой тургандыгынан үмүттүү экендигин айтты.

Зеленский Россия менен Украинанын ортосунда 24 - февралдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу окуяларга да токтолуп, айрыкча Донбасста катуу кагылышуулардын уланып жаткандыгын эске салды.

Зеленский украин армиясынын орус күчтөрүнө каршы таасирдүү согушуу үчүн танктарга муктаж экенин белгилеп, союздаштарды Украинага танктарды жөнөтүү процессин тездетүүгө чакырды.

Даниянын премьер - министри Фредериксен да  Николаев жана Одесса аймактарында Зеленский менен иликтөө жүргүзгөнүн айтты.

Фредериксен Россиянын кол салууларынан улам Николаев аймагындагы инфраструктуралардын чоң зыянга учураганын белгилеп, аймактын кайра куруу иштеринде Украинага колдоо көрсөтө тургандарын билдирди.

Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков ноябрь айында өнөктөштөргө дан келишимин Николаев портуна чейин кеңейтүүнү сунуштаганын жарыялаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы Мартин Гриффитс дан келишиминин жакынкы келечекте башка портторду камтышы күмөн экенин айткан.

 



Тектеш кабарлар