Пакистанда мечитке кол салуудан каза болгондордун саны өсүүдө

Жооптуу кызматкерлер жанкечтилик кол салууда каза болгондордун санынын 93кө жеткенин, 221 жаралуунун дарылоонун уланып жатканын билдирди.

1940032
Пакистанда мечитке кол салуудан каза болгондордун саны өсүүдө

 

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында кечээ бешим намазы учурунда мечитте жанкечтинин кол салуусунда каза болгондордун саны 100гө жетти.

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, шаардын полиция линиясы аймагындагы мечитке бешим намазы учурунда жасалган жанкечтилик кол салуудан кийин кечээ башталган издөө-куткаруу иштери аяктады.

Бийликтер жанкечтилик кол салууда каза болгондордун санынын 100гө жеткенин, 225 жаралуунун дарылануусунун уланып жатканын билдирди.

Пешавардагы оорукананын басма сөз катчысы Мохаммад Асим, бүгүн каза болгондордун көбү кол салууда оор жарадар болгон полиция кызматкерлери экенин жарыялады.

Хайбер-Пахтунхва өкмөтү провинция боюнча аза күтүү күнүн жарыялады.

Премьер-министр Шахбаз Шариф Твиттердеги билдирүүсүндө, террористтер өздөрүнүн ыпылас аракеттери менен эл арасында коркуу жана паранойияны жайылтууну каалашкандарын белгилеп, бардык саясий күчтөрдү саясатты четке кагып, Пакистанга каршы элементтерге каршы биригүүгө чакырды.

Жоопкерчилигин пакистандык талиптер (ТТП) өзүнө алган кол салуунун тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари Орусияга иш сапары менен барган маалда жасалганы көңүл бурган.

Акыркы мезгилде кол салууларын көбөйткөн ТТП, 28-ноябрда социалдык медиа аркылуу Исламабад башкаруусу менен 10-майда башталган ок атышпоонун аяктаганын жана мүчөлөрүнө өлкөнүн бардык аймагында коопсуздук күчтөрүнө кол салуу буйругун бергенин жарыялаган.

Пакистан ТТПны террордук уюм деп эсептейт.



Тектеш кабарлар