Орус жана Беларус аскерлеринин биргелешкен билим алуу борбору

Россиянын президенти Владимир Путин Беларус менен эки өлкөнүн аскерлерине биргелешкен машыктыруу борборунун курулушу үчүн ишти баштоону тапшырды.

1940322
Орус жана Беларус аскерлеринин биргелешкен билим алуу борбору

 Россиянын президенти Владимир Путин Беларус менен эки өлкөнүн аскерлерине биргелешкен билим алуу борборунун курулушу үчүн ишти баштоону тапшырды.

Россиянын мамлекеттик укук маалымат системасынын интернет порталында Путиндин өкмөттүн сунушу боюнча  Россия менен Беларустун биргелешкен аскердик машыктыруу борборунун курулушу үчүн чечимге кол койгондугу билдирилди.

Ушул боюнча Россиянын Коргоо министрлиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда Беларус тарабы менен эки өлкөнүн аскерлеринин билим алуусу максатында борбордун курулушу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана келишимдин түзүлүшү үчүн милдеттендирилди.

Буга чейин Беларус тарабынын да долбоор боюнча макулдашкан билим берүү борборлорунун экөөсүнүн Беларуста, бирөөсүнүн Россияда курулушу  күтүлүүдө.

Беларус Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Беларус куралдуу күчтөрү менен Россия куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аймактык аскердик бөлүктөрү бүгүндөн тарта биргелешкен штабдык машыгууларын баштайт.

Апта ичинде эки өлкөнүн аскер ведомстволорунун жооптуу кызматкерлери акыркы жылдардагы куралдуу кагылышуулардагы тажрыйбасына таянып, аскер бөлүктөрүн колдонууну биргелешип пландаштыруу маселелерин талкуулашат.

Өзгөчө Беларус күчтөрү менен Россиянын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аймактык күч авиациясы бөлүктөрүнүн биргелешкен учуу - тактикалык машыгуусунун уланып жатканы маалымдалды.  Машыгуу эртең аяктайт.

Россиянын президенти Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко 2022 - жылдын октябрында Россия - Беларус Биримдик Мамлекетинин чек араларында чыңалуунун күчөшүнүн негизинде эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнөн турган биргелешкен аймактык күч түзүшкөн.

Беларустун Коргоо министрлиги 6 -  январда Россия  -  Беларус биргелешкен аймактык күчтүн коргонуу миссиясына даяр экенин жарыялап, келечекте биргелешкен аймактык аскердик бөлүктөрүн өркүндөтүү боюнча иштердин улантыларын билдирген.



Тектеш кабарлар