Мадагаскарда бороондон каза болгондордун саны көбөйдү
Бороон-чапкындан улам болгон сел жана жер көчкүдөн 30 кишинин каза тапканы, 20 кишинин дайынсыз жоголгондугу кабарланды.
1940266

Мадагаскардагы «Ченесо» бороонунан каза болгондордун саны 30га жетти.
Улуттук тобокелдик жана өзгөчө кырдаалды башкаруу бюросунун билдирүүсүндө, 19-январда түндүк-чыгыш жээгинен өлкөгө кирген «Ченесо» тропикалык бороонунун өлкө боюнча таасирин улантканы белгиленди.
Катуу шамалдан 89 миң кишинин жапа чеккени жана бороон-чапкындан улам болгон сел жана жер көчкүдөн 30 кишинин каза тапканы, 20 кишинин дайынсыз жоголгондугу кабарланды.
Инди океанындагы арал өлкөсү Мадагаскарда жаңыдан башталган жамгыр мезгили апрелге чейин уланат.
2022-жылдын январында Мадагаскар, ошондой эле Мозамбик жана Малавиге таасир эткен Ана тропикалык бороонунан 80ден ашуун адам каза болгон.