Гутерреш Пакистанда мечитке жаслаган кол салууну айыптады

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик кол койгон жазуу түрүндөгү билдирүүдө : «Кол салуунун сыйынуучу жайда болушу өзгөчө жийиркеничтүү»,-деп билдирди.

1940080
Гутерреш Пакистанда мечитке жаслаган кол салууну айыптады

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш кечээ Пакистанда мечитке жасалган террордук кол салууну айыптады.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик кол койгон жазуу түрүндөгү билдирүүдө : «Кол салуунун сыйынуучу жайда болушу өзгөчө жийиркеничтүү»,-деп билдирди.

«Дин же ишеним эркиндигинин, тынчтык жана коопсуздук ичинде ибадат кылуунун жалпы адам укугу экени» баса белгиленген  билдирүүдө Гутеррештин кол салууну айыптагандыгы, курман болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айткандыгы жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалагандыгы белгиленди.

Кечээ Пакистандын Пешавар шаарында  бешим намазы учурунда мечитке жасалган жанкечтилик кол салууда араларында полиция да болгон  72 киши каза болуп, 150дөй киши жараланды.

 



Тектеш кабарлар