Африкада 278 миллион киши ачкачылыкта

Дүйнөдө ачкачылыктан жапа чеккен 828 миллион кишинин 278 миллиону Африкада жашайт.

1940233
Африкада 278 миллион киши ачкачылыкта

Дүйнөдө ачкачылыктан жапа чеккен 828 миллион кишинин 278 миллиону Африкада жашайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык - түлүк жана айыл чарба уюму Африка өнүктүрүү банкы (AfDB) тарабынан белгиленген бул сандын 2030 - жылы 310 миллионго чыгышы мүмкүн экенин эскертет.

Дүйнөдөгү кол тийбеген айыл чарба участокторунун 65 пайызы Африкада.

Континент 2050 -  жылга чейин 9 миллиард адамды багууга жете турган айдоо жерине ээ болгонуна карабастан 100 миллион тоннадан ашуун азык  - түлүк эскпорттоп жатат.

2022 Африкадагы айыл  - чарбанын абалы тууралуу отчетто климаттык алмашуунун таасири менен глобалдык кризистерге чыдамдуулук үчүн Африкадагы айыл  -  чарба секторунун жыл сайын 257 миллиард долларга муктаж экендиги белгиленди.

Колониячыл мамлекеттердин көз карандысыздыктан  мурда африкалык дыйкандарга өз муктаждыктарынын  негизинде  бирдиктүү өндүрүштү таңуулоосу жана бул  адаттын бүгүн да улантылып жатышы континенттин айыл чарба тармагында өнүгүүсүнө тоскоол болууда.

Муну менен бирге  ылдам көбөйүп жаткан калктын саны, инфраструктура жана  айыл  - чарба тармагындагы инвестициянын кемчилиги да Африкадагы азык  - түлүк маселесин татаалдаштырууда.

Континентте 30дан ашуун куралдуу террорист тобунун болушу да айыл  -  чарба жана мал  - чарбачылыкка тескери таасирин тийгизүүдө.

Өзгөчө Сахел аймагы менен Чад көлү аймагында террор жана коопсуздук  коркунучтарынан улам миллиондогон кишинин ачкачылык жана азык - түлүк коопсуздугун жашап жатканы белгилүү.

Бириккен Улуттар Уюмунун  бул сандары  дүйнөнүн узун убакытка созулган жана кыйын кагылышуу аймактарынын бири болгон Чад көлү аймагында  жайгашкан Камерун, Чад, Нигер жана Нигерияда 5,6 миллион кишинин олуттуу азык-түлүк коопсуздугу менен бетме  - бет экендигин ортого салды.

БУУ Сахелде террордук уюмдарынан улам күч алган азык  - түлүк коопсуздугу тууралуу  чара көрүлбөсө 18 миллион кишинин ачкачылык коркунучу астында экендиги  тууралуу эскертүүдө.



Тектеш кабарлар