Ирандагы кол салууну Израиль кылганы жөнүндөгү айтымдар...

Бул тууралуу Wall Street Journal гезити макала жарыялады.

1939474
Ирандагы кол салууну Израиль кылганы жөнүндөгү айтымдар...

Wall Street Journal гезити Израилдин Ирандын коргонуу объектисине кол салууну куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен жасаганын жазды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жооптуу кызматкерлерине таянган гезиттин кабарына караганда, Израиль Ирандын Исфахан шаарындагы Иран космостук изилдөө борборуна таандык бир мекеменин жанындагы ок-дары чыгаруучу заводду учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен бутага алган.

Иран расмийлери болсо абадан коргонуу системаларынын ок-дары чыгаруучу заводду бутага алган «кол салуу аракетинин» мизин майтарганын, 2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганын, бирөө атып түшүрүлгөнүн жарыялашты.

Иран тарап учкучсуз учуучу аппараттардын жарылышынын натыйжасында фабриканын чатырында бир аз зыян болгонун белгиледи. Исфахан губернаторлугу жардыруу болгонун тастыктаганы менен, жабыркагандар жок деп билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян кол салууну «коркоктук» деп сыпаттап: «Мындай аракеттер биздин эксперттердин тынчтык максаттагы өзөктүк прогресске болгон чечкиндүүлүгүнө жана ниетине таасир эте албайт»,-деди.

Иран парламентинин Исфахандан эл өкүлү Хусейн Мирзай кечээ кечинде Исфахан шаарынын асманында көрүнгөн учкучсуз учуучу аппараттардын Израилге таандык экенин айткан.

Бир тараптан бул кол салуунун 2009-2021-жылдар аралыгында Иранга каршы бир катар операцияларга уруксат берген Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жетектеген жаңы ашкере улутчул коалициялык өкмөттүн тушунда биринчи кол салуу экени белгиленди.

Ошондой эле, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн Иран жана башка аймактык маселелер боюнча АКШ-Израиль сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн Израилге баруусу пландалууда.



Тектеш кабарлар