Шольц Орусия менен НАТОнун ортосундагы согушка жол бербей тургандарын белгиледи

Германиянын канцлери Олаф Шольц Tagesspiegel гезитине маек куруп берди.

1939215
Шольц Орусия менен НАТОнун ортосундагы согушка жол бербей тургандарын белгиледи

Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия менен НАТОнун ортосундагы согушка жол бербей турганын билдирди.

Шольц Tagesspiegel гезитине берген маегинде Украинага кол салуу менен Орусия чек араларды зомбулук менен жылдырбоо маселеси боюнча Европада ондогон жылдар бою коопсуздукту кепилдеген консенсусту бузганын белгилеп, ошондуктан Украинаны колдой тургандыктарын баса белгиледи.

Украинага берилген колдоого байланыштуу бардык чечимдердин шериктеш өлкөлөр менен бирге эске алынып, кабыл алынганын белгилеген Шольц: «Ант берген немис канцлери Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш Орусия менен НАТОнун ортосундагы согушка айланып кетпеши үчүн бардыгын жасашы керек»,-деди.

Шольц Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка эч бир НАТО өлкөсүнүн түздөн-түз кийлигишүүсү жок экенин баса белгиледи.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок 24-январда Страсбургдагы Европа Кеңешинде «Биз бири-бирибизге каршы эмес, Орусияга каршы согушуп жатабыз»,-деп айткан сөздөрү эске салынганда Шольц мындай деди: «НАТО менен Орусиянын ортосунда эч кандай согуш жок. Биз мындай күчөшүнө жол бербейбиз. Немис өкмөтү катары биз бул боюнча толугу менен бирдей пикирдебиз жана тышкы иштер министри муну ушундай көрөт».

Орусиянын президенти Владимир Путин менен акыркы жолу декабрдын башында жолукканын эске салган Олаф Шольц: «Путин менен дагы телефон аркылуу сүйлөшөм, анткени бири-бирибиз менен сүйлөшүшүбүз керек»,- деди.

Путин менен болгон жолугушууларында так позицияны карманганын билдирген премьер-министр Шольц сүйлөшүүлөрдө кээде туткун алмашуу, Украинадан эгин экспорттоо же Запорожье атомдук станциясына байланыштуу конкреттүү маселелердин сүйлөшүлгөнүн билдирди.

Орусия «агрессиясын азайтпастан» согушту уланта берсе азыркы абалдын өзгөрбөй турганын белгилеген Шольц Путиндин Украинадан аскерлерин чыгаруу менен согушту токтото ала турганын кайталады.

Германиядагы Украинага согуштук учактарды жеткирүү боюнча жаңы талаптарга байланыштуу талкууга токтолгон премьер-министр Шольц согуштук учактарды жеткирүүнүн сөз болушу мүмкүн эмес экенин белгилеп: «Германияда чечим кабыл алынар замат кийинки талкуулар башталса, ал анча деле олуттуу эместей сезилет жана жарандардын өкмөт кабыл алган чечимдерге болгон ишеними солгундайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар