Ооганстанда сууктан каза болгондор...

Өлкөдө абанын температурасы түнкүсүн борбор калаа Кабулда 10 градуска чейин төмөндөсө, айрым аймактарда 30 градуска чейин төмөндөдү.

1939208
Ооганстанда сууктан каза болгондор...

Ооганстанда акыркы үч аптада таасирин күчөткөн жагымсыз аба ырайынан улам тоңуп каза болгондордун саны 170тен ашты.

Өлкөдө абанын температурасы түнкүсүн борбор калаа Кабулда 10 градуска чейин төмөндөсө, айрым аймактарда 30 градуска чейин төмөндөдү.

Талибандын Убактылуу өкмөтүнүн Табигый кырсыктар министрлигинин басма сөз катчысы Шафиулла Рахими өлкө боюнча үшүктөн кеминде 170 кишинин өмүрүнөн ажыраганын белгилеп, эң көп жоготуулардын Гор, Бадахшан, Бамиан, Пактика жана Пактия провинцияларында болгонун айтты.

Өзгөчө Хиндикуш тоо кыркасындагы Бадахшан, Бамиан жана Гор провинцияларында жетүү мүмкүн болбогон көптөгөн айылдар бар экенин айткан Рахими: «Ушул күндөрдө эл аралык жардам жүз пайыз маанилүү, анткени биздин жардам жетишсиз жана бизде жүк жетишсиз. Муктаж адамдарга жардам берилбесе, кырдаалды көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Экинчи жагынан кыштын катаал шарттары экономикага терс таасирин тийгизүүдө.

Талибан администрациясынын Айыл чарба, ирригация жана мал чарба министрлигинин басма сөз катчысы Мубахиддин Мустайн 20 провинцияда болжол менен 260 миң майда жана бодо малдын, анын ичинен 129 миңи кой-эчкилердин кырылып калганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, суукта өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыра албагандыктан, өлкө боюнча электр энергиясы бир нече саатка чейин өчүрүлүүдө.

Ал тургай борбор калаа Кабулдун борборуна суткасына эң көп дегенде 8-10 саат электр жарыгы берилип жатат.



Тектеш кабарлар