Россия Латвиянын элчисине өлкөдөн чыгып кетүү талабын билдирди

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Латвиянын Россия менен дипломатиялык карым  - катнаштардын деңгээлин түшүрүү чечимин чыгаргандыгы эске салынды.

1938951
Россия Латвиянын элчисине өлкөдөн чыгып кетүү талабын билдирди

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Латвиянын Москва элчисине өлкөдөн чыгып кетүү талабын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Латвиянын Россия менен дипломатиялык карым  - катнаштардын деңгээлин төмөндөтүү чечимин чыгаргандыгы эске салынды.

Латвиянын бул чечими башка Балтика өлкөлөрү менен "тилектештик"  негизи менен чыгарылгандыгы жана бул негиздин Россия тарабынан кабыл алынбагандыгы баса белгиленген маалыматта бул тилектештиктин Россияга каршы жана АКШ багыттаган душмандык кадамдарды таштоо деген мааниге келгендиги белгиленди. Маалыматта учурдагы абалдын бардык жоопкерчилигинин Латвия өкмөтүнө таандык экендиги белгиленип : "Латвиянын Москва элчиси Марис Риэкстинстин 2 жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши талап кылынды. Латвиялык жетекчилердин дипломатиялык  карым  - катнаштардын деңгээлин төмөндөтүүгө  багытталган провокациялык кадамдары кесепеттерге алып келет",- деп айтылды.

 

 

 



Тектеш кабарлар