Майк Пенс жашыруун документтер тууралуу маалымат берди
АКШнын мурунку вице - президенти Майк Пенс жаңылыштык кылгандыгын кабыл алып, "жашыруун" документтер тууралуу бардык жоопкерчиликти алгандыгын айтты.
Үйүндө мамлекетке таандык «жашыруун документтер» болгон АКШнын мурунку вице - президенти Майк Пенс жаңылыштык кылгандыгын кабыл алып, бул темада бардык жоопкерчиликти алгандыгын айтты.
Флорида штаты университетинде өткөн иш-чарада сөз сүйлөгөн Пенс үйүндө вице - президенттик кызматты аткарып жаткан мезгилден калган «жашыруун» мамлекеттик документтердин табылгандыгына байланыштуу : «Бул жарышуур документтер менин жеке турак жайымда болбошу керек эле. Жаңылыштык болду жана мен бул жоопкерчиликти мойнума аламын»,- деди.
Жашыруун документтердин туура сакталышынын улуттук коопсуздук үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген Пенс президент Жо Байдендин жеке кабинетинде жана резиденциясынан жашыруун документтер табылгандан кийин өздөрүнүн жеке иш кагаздарын этияттык менен карап чыгышкандарын айтты.
Пенс документтер табылгандан кийин дароо Улуттук архивдин тиешелүү бөлүмдөрүнө, ФБР жана Юстиция министрлигинин тийиштүү бөлүмдөрүнө кабар бергендигин айтты.
Кеңешчилеринин бул мекемелер менен кызматташып процессти жүргүзгөндөрүн айткан Пенс документтерден кабарынын жок экендигин белгиледи.
Тектеш кабарлар

Германияда эскертүү иш таштоосунан улам каттамдар кечигип жана үзгүлтүккө учурап жатат
Гамбург аэропортунда кечээ кечинде башталган эскертүү иш таштоосунун 24 саатка созулушу күтүлүүдө.