Индияда эки аскердик учак кырсыкка учурады
Индиянын Аскердик Аба күчтөрүнүн эки аскердик учагы кыйрап, бир учкуч каза болду.
1939034

Индиянын Мадхья - Прадеш штатында Индиянын аскердик аба күчтөрүнүн эки аскердик учагы кыйрап, бир учкуч каза болду.
Индия аскердик аба күчтөрүнүн расмий Твиттер эсебинен берилген маалыматта эки согуштук учактын Гвалиор аба күчтөрүнөн абага көтөрүлгөнү, учактардын биринде эки учкуч, бирөөсүндө бир учкучтун болгону маалымдалды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кырсыктан бир учкучтун каза болгонун кабарлашты.
Индиянын Пресс Траст маалымат агенттигине маалымат берген жетекчи Адарш Катияр эки учкучтун учактан аман - эсен секиргенин, бирок учактардын кагылышып же кагылышпагандыгы белгисиз экенин айтты.