Ак үйдө Ай жаңы жылдык майрамы өткөрүлдү
Жо Байден бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Ак үйдө биринчи жолу Ай жаңы жылдык иш - чарасын өткөрүп жатканын белгилеп, Азия - Тынч океан коомчулугун тосуп алуудан сыймыктангандыгын айтты.

АКШнын президенти Жо Байден Ай жаңы жылы майрамынын алкагында борбор шаар Вашингтондо Ак үйдө уюштурулган кабыл алууда Азия-Тынч океан тектүү америкалыктарды тосуп алды.
Жо Байден бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Ак үйдө биринчи жолу Ай жаңы жылдык иш - чарасын өткөрүп жатканын белгилеп, Азия - Тынч океан коомчулугун тосуп алуудан сыймыктангандыгын айтты.
АКШда Азия - Тынч океан тектүү адамдардын жашоо деңгээлинде олуттуу жылыш болгонун белгилеген Байден бир тараптан азиялыктардын жек көрүү кылмыштары менен беттешүүсү уланып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.
Байден ошондой эле Лос - Анжелестеги Ай жаңы жылын майрамдоо учуурнда куралдуу кол салууда каза болгондорду да эскерип, куралдануу мыйзамдарын чектей тургандарын белгиледи.
22 - январда Лос - Анжелесте миңдеген адамдар катышкан Ай жаңы жылы майрамы учурунда болгон куралдуу кол салууда 10 киши каза болуп, кол салган адамдын жансыз денеси табылган.