Швейцария Россияга санкция салуу чечимин чыгарды
Швейцария «Украинадагы аскердик агрессияны» негиз катары көрсөтүп, Европа Биримдигинин Россияга каршы акыркы пакетинде алып келген чараларды кабыл алып, Россияга каршы санкция киргизүү чечимин чыгарды.

Швейцария «Украинадагы аскердик агрессияны» негиз катары көрсөтүп, Европа Биримдигинин Россияга каршы акыркы пакетинде алып келген чараларды кабыл алып, Россияга каршы санкция киргизүү чечимин чыгарды.
Швейцария федералдык кеңешинин билдирүүсүндө : «Швейцария Россиянын 24 - февралдан бери Украинага карата улантып келе жаткан кол салуулары, Украинанын жеринин бүтүндүгү, эгемендүүлүгү жана коопсуздугуна шек келтирген аракеттерине жооп берүү максатында Европа Биримдигинин 9 - санкция пакетинде орун алган Россияга каршы чараларды кабыл алды»,- деп айтылды.
Европа Биримдигинин Россияга карата 16 - декабрда киргизген 9 - санкция пакети 200гө жакын киши жана мекеме менен 3 орус банкынын санкция тизмесине кошулушун, кош максатта колдонулуучу продукциянын экспортуна тыюу салуу жана кен тармагына инвестиция салууга тыюу салууну камтууда.
Буга кошумча катары Швейцариянын авиация жана космосту көнөр жайына тиешелүү товарларды экспорттоого тыюу салууну, учак жана учкучсуз учуучу учактардын моторлорун камтый тургандай түрдө кеңейтүүсү күтүлүүдө.
Швейцария орус кен тармагына да жаңы инвестицияларга тыюу салууну пландап жатат.
Европа Биримдигинин мүчөсү болбогон Швейцария коңшулары менен экономикалык жактан шайкеш келген карым - катнаштарды жүргүзүүдө.
Тектеш кабарлар

Түркия-Орусия жаратылыш газ борборун түзүү долбоору
Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттерге маалымат берди.