АКШда кытайлык тыңчы эркинен ажыратылды

2013 - жылы Иллинойс технологиялык институтунун электр инженерлиги боюнча окуу үчүн АКШга барып жана андан кийин АКШ армиясынын резервдик күчтөрүнө кошулган кытайлык Цзи Чаокун 2018 - жылы камакка алынган.

1938217
АКШда кытайлык тыңчы эркинен ажыратылды

 Америка Кошмо Штаттарында бир кыйтайлык инженерлер жана окумуштуулар тууралуу маалымат чогултуп, Кытай өкмөтүнүн атынан тыңчылык кылуу менен 8 жылга эркинен ажыратылды.

2013 - жылы Иллинойс технологиялык институтунун электр инженерлиги боюнча окуу үчүн АКШга барып жана андан кийин АКШ армиясынын резервдик күчтөрүнө кошулган кытайлык Цзи Чаокун 2018 - жылы камакка алынган.

31 жаштагы Цзи Кытайдын Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин (MSS) агенти катары мыйзамсыз иш алып барган жана АКШ армиясына жалган маалымат тараткан деген айып менен 8 жылга эркинен ажыратылды.

Адилеттик министрлиги Цзинин тыңчылыгынын Кытай чалгындоосунун АКШ компаниялары тарабынан чыгарылган авиациялык жана спутник технологияларына жетүү аракетинин бир бөлүгү экенин билдирди.



Тектеш кабарлар