АКШ Ливанга жардам берет
Америка Кошмо Штаттары Ливан армиясына жана коопсуздук күчтөрүнө накталай 72 миллион долларлык жардам берет.

Америка Кошмо Штаттары Ливан армиясына жана коопсуздук күчтөрүнө накталай 72 миллион долларлык жардам берет.
Ливандын борбор шаары Бейрутта Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлүндө өткөрүлгөн жана АКШнын Бейруттагы элчиси Дороти Ши да катышкан жыйында Ливан армиясы жана коопсуздук күчтөрүнө колдоо маселеси талкууланды.
Ши жыйындан кийин АКШнын коопсуздук күчтөрүнө сунуштай турган колдоолор тууралуу Ливан армиясынын башкы штабынын төрагасы генерал - лейтенант Жозеф Авн жана Ливандын ички коопсуздук күчтөрү департаментинин командири генерал - майор Имад Осман менен биргелешкен жыйын өткөрдү.
Ши пресс- жыйында сүйлөгөн сөзүндө : «АКШ Конгресси коопсуздук жардамынын чоң бөлүгүн ички коопсуздук күчтөрү жана Ливан армиясына кайрадан бөлүнүшүн кабыл алды»,- деди.
Жардамдын негизинде армия кызматкерлерине айлык төлөмдүн жасаларын белгилеген Ши : «Коопсуздук кызматкерлерине 6 ай 100 доллардан жалпы 72 миллион долларлык төлөм жасалат»,- деди.
Ливан өзгөчө 2019 - жылдан бери олуттуу экономикалык кризис менен күрөшүүдө. Ливан Борбордук банкындагы доллардын ликвиддүүлүк маселеси жана валюта резервдеринин эриши өлкөдө олуттуу кризистердин да чыгышына жол ачкан.