Швециянын премьер-министри провокаторлорду күнөөлөп жатат

Ульф Кристерссон борбор шаар Стокгольмдо тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем жана коргоо министри Пал Жонсон менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1937401
Швециянын премьер-министри провокаторлорду күнөөлөп жатат

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон провокаторлор Швециянын НАТОго кирүүсүнө жол бербөөгө аракет кылып жатканын билдирди.

Ульф Кристерссон борбор шаар Стокгольмдо тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем жана коргоо министри Пал Жонсон менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Швециянын Экинчи Дүйнөлүк Согуштан (1939-1945) кийинки эң олуттуу коопсуздук маселеси бар экенин белгилеген Кристерссон: «Кээ бирөөлөр Швециянын НАТОго кирүүсү канчалык олуттуу экенин түшүнүшпөйт. Провокаторлор Швециянын мүчөлүгүнө жол бербөөгө аракет кылып жатышат. Биз Түркия менен иштеп жаткан диалогго кайтууну каалайбыз. Түркия өз алдынча чечим чыгара алат, биз муну сыйлашыбыз керек, биз бул процессти тынчтандырууну каалайбыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Биллстрем болсо ишемби күнү Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында Даниянын ашкере улутчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудан тарабынан Курандын өрттөлүшүнө токтолуп, мындай деди: «Китептердин өрттөлүшүнүн өтө караңгы тарыхы бар. Муну айтуу Түркияга жагынууга аракет кылуу эмес. Түркияда жана Ооганстан, Пакистан өңдүү нааразылык акциялары өтүп жаткан өлкөлөрдө катуу реакциялар бар. Социалдык тармактарда швед товарларына бойкот жарыялоону каалаган үндөр бар. Өкмөт кырдаалды кылдат байкап жатат».

Швециянын Коргоо министри Йонсон да Швециянын НАТОго мүчө болуу аракеттери улана турганын жана бул анын өлкөсүнүн коопсуздугуна көп нерсе кошоорун билдирди.



Тектеш кабарлар