НАСА Пентагон менен кызматташат

НАСАнын билдирүүсүнө караганда, Ай менен Жердин ортосунда ракеталык ылдам маневр операцияларын камтыган программанын (DRACO) алкагында DARPA менен кызматташтык түзүлөт.

1937650
НАСА Пентагон менен кызматташат

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), Аэронавтика жана Космос агенттиги (НАСА) менен Коргоо министрлиги (Пентагон) Марска миссиялар үчүн кызматташат.

НАСА менен Пентагондун Өркүндөтүлгөн коргонуу изилдөөлөрү долбоору агенттигинин (DARPA) Марска миссиялар үчүн өндүрүлө турган өзөктүк термикалык ракетанын кыймылдаткычын иштеп чыгууну макулдашканы маалымдалды.

НАСАнын билдирүүсүнө караганда, Ай менен Жердин ортосунда ракеталык ылдам маневр операцияларын камтыган программанын (DRACO) алкагында DARPA менен кызматташтык түзүлөт.

НАСАнын жетекчиси Билл Нельсон: «Биз өнөктөшүбүз DARPA менен эң эрте 2027-жылга чейин өзөктүк жылуулук кыймылдаткыч технологиясын өнүктүрүү үчүн иштешебиз»,- деп айтып, бул жаңы технологиянын негизинде астронавттардын космоско мурдагыдан да ылдам учарын маалымдады.

Марска баруу үчүн экипаждуу миссияларга даярдана тургандарын белгилеген Нельсон, инвестициялары үчүн DARPAга ыраазычылык билдирди.

Кызматташтыктын алкагында НАСАнын Космостук технология миссиясы директорлугунун ракетанын кыймылдаткычын өнүктүрө турганы, ал эми DARPAнын реактордун жана кыймылдаткычтын өнүгүшүнө кошкон салымы менен бирге бүт процессти башкарары кабарланды.

DARPAнын директору доктор Стефани Томпкинс эки мекеменин узак тарыхы бар экенин баса белгилеп, бул кызматташтыктын космостук технологияны алдыга жылдырарын белгиледи.

DRACOнун Айга материалдарды тезирээк ташууда маанилүү роль ойноорун айткан Томпкинс, бул программа менен келечекте Марска адамдарды алып баруунун мүмкүн экенин маалымдады.

АКШнын өзөктүк жылуулук ракета кыймылдаткычынын акыркы сыноолору 50 жылдан ашык убакыт мурун өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар