Орусия Украинанын чыгышына он миңдеген жаңы аскерлерди алып барды

Америкалык кызматкер, журналисттерге маалымат берди.

1937088
Орусия Украинанын чыгышына он миңдеген жаңы аскерлерди алып барды

Американын жогорку даражалуу аскер кызматкери, Орусиянын Украинанын чыгышына он миңдеген жаңы аскерлерди алып барганын, бирок бул жаңы бөлүктөрдүн да жабдык жана машыгуу жагынан жетишсиз экенин айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинде (Пентагон) журналисттерге 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушу тууралуу маалымат берген жогорку даражалуу аскерий өкүл, украин армиясынын өлкөнүн чыгышындагы орустар көзөмөлдөгөн Кремина кыштагына каршы чабуулун баштаганын жана анча жылыш болбогонун кабарлады.

Ошондой эле Орусиянын да Бахмут шаарына жакын аймактарды алууга аракет кылганын жана аймакта кагылышуулардын уланып жатканын айтты.

Орусиянын оор жоготууга учураганын белгилеген америкалык кызматкер, орус армиясынын дем алыш күндөрү дагы он миңдеген аскерин фронтко алып барганын билдирип: «Бөлүктөрдү күчтөндүрүү жана жоготуулардын ордун толтуруу үчүн бул сан бир топ жогору болгонуна карабастан ал күчтөрдү даярдоодо олуттуу жылыш жок. Машыгуу жана жабдык жагынан жетишсиз, шашылыш түрдө согушка жөнөтүлгөн»,- деди.



Тектеш кабарлар