Мартин Гриффитс афган аялдарга карата чектөөлөр тууралуу билдирди

Кабулга барган БУУнун  делегациясы тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки жана Талибан убактылуу өкмөтүнүн вице-премьер-министри Абдул Салам Ханефи менен жолугушту.

1937101
Мартин Гриффитс афган аялдарга карата чектөөлөр тууралуу билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс баштаган БУУнун делегациясы Афганистандын борбору Кабулда талиптердин өкүлдөрү менен афган аялдарына коюлган чектөөлөрдү жана гуманитардык жардамга болгон тоскоолдуктарды талкуулады.

Кабулга барган БУУнун  делегациясы тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки жана Талибан убактылуу өкмөтүнүн вице-премьер-министри Абдул Салам Ханефи менен жолугушту.

Талибандын басма сөз катчысы Билал Карими менен Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысынын орун басары Хафез Зия Ахмед жеке Твиттер баракчалары аркылуу сүйлөшүүлөрдүн мазмунуна байланыштуу маалымат беришти.

Буга ылайык, БУУнун расмий өкүлү Мартин Гриффитс өткөн айда Афганистанда кыздардын университетте билим алуусу жана аялдардын жергиликтүү жана чет элдик бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнүн токтотулганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аялдардын афган элине гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө активдүү роль ойношу керектигине көңүл бурду.

Гриффитс 2023 -  жылы үчүн жардамга муктаж 28 миллион афганга гуманитардык жардам берүү үчүн 4.6 миллиард доллар жардам берүүгө чакыргандарын жана жалпы Афганистандагы коопсуздуктун күч алгандыгын билдирди.

Афганистанга  гуманитардык жардамдын бардык шартта улануусу керектигин баса белгилеген Талибан башкаруусунун вице-премьер-министри Абдул Салам Ханефи аялдарга киргизилген чектөөлөр тууралуу : «Бул маселе консенсус жолу менен чечилет деп үмүттөнөбүз», - деди.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки Афганистандын эл аралык коомчулуктун бир бөлүгү экенин жана Афганистан менен дүйнөнү жакындатууда конструктивдүү ролду ойноо үчүн БУУнун чоң жоопкерчилиги бар экенин баса белгиледи.

Муттаки ошондой эле БУУнун делегациясынан Талибан башкаруусу жарыялаган жалпы мунапыстык сыяктуу Афганистандын "акыркы жетишкендиктерин жана мүмкүнчүлүктөрүн" сындоолор жана кемчиликтер менен бирге  "чыныгы мамиле менен" эл аралык коомчулук менен  бөлүшүүнү талап кылды.

 



Тектеш кабарлар