Лавров: «Украинада болуп жаткандар гибриддик согуш эмес, Батыштын Орусияга каршы чыныгы согушу»

Сергей Лавров түштүк африкалык кесиптеши Наледи Пандор менен Преторияда жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1936854
Лавров: «Украинада болуп жаткандар гибриддик согуш эмес, Батыштын Орусияга каршы чыныгы согушу»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада болуп жаткан окуялар мындан ары гибриддик согуш эмес, Батыштын Орусияга каршы чыныгы согушу экенин айтты.

Сергей Лавров түштүк африкалык кесиптеши Наледи Пандор менен Преторияда жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Орусия менен кызматташкан башка өлкөлөрдү коркутканын билдирген Лавров, ошондой эле Англиянын да коркутуу жана басым аркылуу бардык кызыл сызыктарды бузганын белгиледи.

Лавров: «Алар 1000 жылдык улуу цивилизацияларды чагылдырган улуу мамлекеттерди коркутуп, бул элдерде улуттук сыймыктануу бар экенин көрмөксөнгө салууда», - деди.

Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согушта тилден маданиятка чейин Орусияга тиешелүү бардык нерсенин жок кылынышын каалап жатканын белгилеген Лавров: «Украинада болуп жаткан окуялар жөнүндө сөз кылганда, биз мындан ары гибриддик согуш эмес, Батыш Орусияга каршы көптөн бери даярдап келген дээрлик реалдуу согуш жөнүндө айтып жатабыз»,-деп айтты.

Лавров ошондой эле тынчтык орнотуу ураандары менен шайланган Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко менен азыркы президент Владимир Зеленский шайлангандан кийин дароо «согуштун жана орус душмандыгынын мамлекет башчысына айланганын» жактады.



Тектеш кабарлар