Лавров Франциянын Африка өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишкенин билдирди

Африканын түштүк-чыгышындагы Эсватини аймагынын борбор шаары Мбабанеге барган Лавров Эсватини тышкы иштер министри Тули Дладла менен жолугушту.

1937342
Лавров Франциянын Африка өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишкенин билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Франциянын Африка өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишкенин билдирип: «Ливиядагы террорчуларды колдоо менен Франция Африкада дагы деле байкалып жаткан террордун айлампасын тутандырды»,-деди.

Африканын түштүк-чыгышындагы Эсватини аймагынын борбор шаары Мбабанеге барган Лавров Эсватини тышкы иштер министри Тули Дладла менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров Франциянын президенти Эммануэль Макрондун «Буркина Фасонун француз аскерлеринин өлкөдөн чыгуу талабынын артында Орусия турат» деген билдирүүсүнө баа берди.

Лавров: «Бул тышкы саясаттын маселеси, биз башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпейбиз. Бирок Макрондун билдирүүлөрү Франциянын кийлигишкенин көрсөтүп турат»,-деди.

Ушундай эле окуянын Малиде мурда болгонуна көңүл бурган Лавров, Мали башкаруучулугунун Франциянын аскерлерин чыгарып кетүү жана өлкөнүн түндүгүндөгү базаларын жоюу чечиминин коопсуздукка коркунуч туудурганын эске салып, бул жагынан Орусиянын жеке аскердик компаниясына да кайрылганын эске салды..

Франциянын жеке менчик аскер компанияларынын Евразия талаасында иш алып барганын белгилеген Лавров: «Бизди Борбордук Африка Республикасында, Малиде жана азыр Буркина-Фасодо Франциянын кызыкчылыктарына шек келтирди деп күнөөлөп жатышат. Бул Европа Биримдигинин дүйнөнүн бардык жеринде колдонгон философиясы жана менталитети. Бул менталитет Украинага да тиешелүү. Ал 2000-жылдары колдонулган. Украинага же Орусия же Батыш шарты коюлган. Африка континентине да ушундай логика колдонулат»,-деп айтты.

Франциянын Ливияга кол салууда алдыңкы ролду алганын жана Ливия мамлекетинин кыйрашына алып келгенин айткан Лавров: «Ливиядагы террорчуларды колдоо менен Франция Африкада дагы деле байкалып жаткан террордун айлампасын тутандырды»,-деди.

Лавров: «Биздин европалык жана батыштык кесиптештерибиздин тышкы саясий иш-аракеттеринде колониялык менталитет жана «бөлүп ал да, башкар» менталитетин дагы эле колдонуп жатканы өкүнүчтүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар