Кытайда акыркы 54 жылдын эң суук күнү

Мохеде абанын температурасы 22-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө 53 градус суук болду.

1936891
Кытайда акыркы 54 жылдын эң суук күнү

Кытайдын Хэйлунцзян аймагындагы Мохе шаарында абанын температурасы минус 53 градуска чейин төмөндөп, акыркы 54 жылдын эң суук күнү болду.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Мохеде абанын температурасы 22-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө 53 градус суук болду.

Бул Мохеде 52,3 градус суук болгон 1969-жылдан берки эң суук аба катары катталды.

Кытайдын эң суук аймагы болуп эсептелген жана өлкөнүн Түндүк уюлу деп аталган Мохеде кыш мезгили жалпысынан 8 айга созулат.

Өлкөнүн кышкы туризм борборлорунун бири болгон Мохе жыл бою туристтерди кабыл алууда.



Тектеш кабарлар