Иран санкцияларга карышлык көрсөтөрүн жарыялады
Иран Европа Биримдиги жана Британия тарабынан ирандык айрым киши жана мекемелер үчүн салынган санкцияларга каршылык көрсөтөрүн билдирди.

Иран Европа Биримдиги жана Британия тарабынан ирандык айрым киши жана мекемелер үчүн салынган санкцияларга каршылык көрсөтөрүн билдирди.
Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани Европа Биримдиги менен Британиянын Тегеранга каршы акыркы санкцияларына байланыштуу билдирүү жасады.
Кенани бул санкцияларды айыптагандарын билдирип : "Европа Биримдиги менен Британия режиминин бул аракети алардын Ирандын чындыктарын толугу менен түшүнө албагандыгынын жана Иран бийлигине байланыштуу баш аламандыктын белгиси",- деди.
Кенани : «Иран мындай ийгиликсиз саясаттарга каршылык көрсөтүү укугун өзүнө калтырат жана жакында Европа Биримдиги менен Британиядагы адам укуктарын бузгандарга жана терроризмди колдоочуларга каршы санкциялардын жаңы тизмесин жарыялайт",- деп билдирди.
Европа Биримдиги өлкөлөрү Иранда Махса Эмининин сентябрда камакта жаткан учурундагы өлүмүнөн кийин башталган митингдерге кийлигишүүдөгү ролдорунан улам кечээ ирандык 18 киши жана 19 мекемеге санкция киргизүү чечимин чыгарды.
Британия да «митингдердин бастырылышындагы адам укуктарынын бузулушу» жана тыңчылык менен айыпталган Иран - Британия кош жараны Али Рыза Экберинин өлүм жазасынан улам ирандык айрым жетекчилер менен мекемелерди санкция тизмесине алгандыгын жарыялаган.
Тектеш кабарлар

БАЭ менен Израилдин ортосунда кол коюлган келишим
БАЭнин Тель-Авивдеги элчиси Мохаммед Аль Хача Твиттер баракчасынан бул тууралуу билдирди.