ЕБде башпаанек арыздары четке кагылгандардын кайра кайтарылышы

Евробиримдиктин ички иштер боюнча жооптуу мүчөсү Йлва Йоханссон Европа Биримдигинин кайра кайтаруулар боюнча координатору Мари Юрич менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

1937353
ЕБде башпаанек арыздары четке кагылгандардын кайра кайтарылышы

Европа Биримдиги (ЕБ) башпаанек арыздары четке кагылгандардын өз өлкөлөрүнө кайтарылышын камсыздай турган стратегияны даярдап жатат.

Евробиримдиктин ички иштер боюнча жооптуу мүчөсү Йлва Йоханссон Европа Биримдигинин кайра кайтаруулар боюнча координатору Мари Юрич менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Өткөн жылы 330 миң кишинин Европа Биримдигине мыйзамсыз киргенин баса белгилеген Йоханссон: «2022-жылы ЕБде 924 миң киши башпаанек сурап кайрылды. Бул ЕБге мыйзамсыз кирүүнүн 3 эсесине барабар»,-деди.

Комиссиянын бүгүн таасирдүү кайтаруу стратегиясын сунуштаганын белгилеген Йоханссон, бул документтин 26-27-январда Европа Биримдигине төрагалык кылган Швециянын борбор шаары Стокгольмдо боло турган расмий эмес ички иштер министрлеринин жыйынында карала турганын айтты.

Йоханссон: «Европа Биримдигинде калууга укугу жоктор өз өлкөлөрүнө кайтарылышы керек. Бул башпаанек системасын коргоонун жолу. Эл аралык коргоого муктаж болгондор жылуу кабыл алынышы керек жана эл аралык коргоого муктаж болбогондор да өз өлкөлөрүнө кайтышы керек. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө жыл сайын 300 миңге жакын кайтаруу чечими чыгарылат. Бирок жыл сайын 70 000ге жакын гана экстрадиция чечими кабыл алынат»,-деди.



Тектеш кабарлар